ТАЛАПКЕРЛЕР

Манасбек Султанов

Мен төрт баланын атасымын, алардын кандай шаарда жашай тургандыгына кайдыгер эмесмин. Мен Бишкекти чексиз мүмкүнчүлүктөрү бар шаар болушун каалайм жана бул үчүн биз анын инвестициялык климатын жакшыртуубуз керек.

Биздин партия бардык күч-аракетин жумшап, 25 жылдын ичинде биздин Бишкек экинчи Сингапурга айланат.

Учурда мен Кыргыз Республикасынын Ат спорту федерациясынын вице-президентимин жана кыргыз аргымактарын калыбына келтирүү менен алектенем.