ТАЛАПКЕРЛЕР

Жылдыз Назаралиева


Кичинекей кезимден эле искусство дүйнөсүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк болду. Балет бийчиси болуп, дээрлик бардык Европа өлкөлөрүн жана Түштүк-Чыгыш Азиянын бир нече өлкөлөрүн кыдырдым. Бул эбегейсиз зор тажрыйба мага искусство биздин табияттын бир бөлүгү экендигин түшүнүүгө түрткү берди.

 Ал адамдын дүйнө таанымын калыптандырат.
 Искусство таанымынын жардамы менен адам руханий жактан өнүгөт.
 Ошондой эле искусство жана маданият чыгармачыл тармактарга кандайча таасир этип, инновациялык тутумду колдоп, таланттарды жана инвестицияларды тартып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул искусствонун жана маданияттын экономикага кошкон өзгөчө салымы.

 Менин максатым - ар бир жарандын искусствону көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Биздин эң таланттуу адамдар өзүлөрүн ишке ашырууга жана чокуларды багындырууга мүмкүнчүлүк алышса деп кыялданам.
 Ошондуктан, мен Бишкек шаарын өнүктүрүп, прогрессивдүү шаарды курууну алдыма милдет кылып койдум.