ТАЛАПКЕРЛЕР

Ильяс Орозов


Мен Бишкекте чоңойдум, андыктан шаардын өнүгүшү мен үчүн абдан маанилүү. Мен түрк тилдеринде сүйлөйм жана англис тилин мыкты билем.

Бишкек шаардык кеңешине шаардыктардын экологиялык маданиятын көтөрүү үчүн барам. Мен тиричиликтин катуу калдыктарын өзүнчө чогултуу тутумун киргизгим келет, бул таштандылардын 80% кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мен шаарды жашылдандыруу жана экологиялык жогорку стандарттарга өткөрүү боюнча иштейм.

 Келечекте бардык кыймылдаткычтар альтернативдүү энергия булактарына өтсө деп кыялданам.